Жаңылыктар

12.03.2024 12:41

   Кароолор: 674

ЫСЫК-КӨЛ: ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ КЫЗМАТТАРЫ МЕНЕН БИРГЕЛИКТЕ ӨРТ-ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ ӨТТҮ

ЫСЫК-КӨЛ: ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ КЫЗМАТТАРЫ МЕНЕН БИРГЕЛИКТЕ ӨРТ-ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ ӨТТҮ

 

Өткөн аптада ӨКМдин Тоң району боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан, Жарандык коргонуу кызматтарынын катышуусунда “Элим” оюн-зоок соода борборунда өрт-тактикалык машыгуусу өткөрүлдү.

Машыгуунун алкагында соода борборунан жарандарды эвакуациялоо жана жабыркагандарга биринчи жардам көрсөтүү жүргүзүлүп, имараттын атайы өрт өчүрүүчү техникалар үчүн кирүү жолдору, суу гидранттарынын абалы, өзгөчө кырдаалдарда атайы үн чыгаруучу жана жарык берүүчү белгилери каралып чыкты.

Жалпысынан өрт-тактикалык машыгууга ӨКМдин куткаруучулары, РИИБдин жана тез жардам кызматынын кызматкерлеринен 40 адам жана 4 атайы техника ошондой эле жергиликтүү тургундар тартылган.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу