Жаңылыктар
22.04.2025 13:41
Кароолор: 710
ЫСЫК-КӨЛ: ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ БОЮНЧА МАШЫГУУ ӨТТҮ
Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында кечээ, 21-апрелде Жарандык коргонуунун авариялык-калыбына келтирүү командасы менен бирге атайы тактикалык машыгуу өткөрүлдү.
Анда өзгөчө кырдаал учурунда авариялык-калыбына келтирүү жана башка кечиктирилгис иш-чараларды жүргүзүү боюнча өздүк курамдын иш аракеттери бааланып, ӨКМдин өздүк курамы жана Жарандык коргонуу кызматтары практика жүзүндө көндүмдөрдү аткарышты.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР