Жаңылыктар
12.06.2025 15:34
Кароолор: 283
ЫСЫК-КӨЛ: ЖАЙКЫ ТУРИСТТИК МЕЗГИЛГЕ КАРАТА ӨРТ КООПСУЗДУГУ КАРАЛУУДА
ӨКМге караштуу Өрт көзөмөлдөө кызматынын адистери ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнүн кызматкерлери менен биргеликте жайкы туристтик мезгилге карата эс алуу жайлары жана ошондой эле жалпы билим берүү мекемелеринде өрт коопсуздук эрежелеринин сакталышын кармоого алышууда.
Анда ӨКМ кызматкерлери эс алуу жайларындагы алгачкы өрт өчүрүүчү каражаттар жана суу гидранттарынын абалын карап, эвакуациялык план менен жолдорго өзгөчө көңүл бурулууда.
Бул иш-чара жайкы туристтик мезгилинде жарандар көп топтолгон жерлерде жана билим берүү мекемелеринде өрт кырсыктарынын жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР