Жаңылыктар

30.05.2025 12:22

   Кароолор: 23

ЫСЫК-КӨЛ: ЖАЙКЫ ТУРИСТТИК МЕЗГИЛДЕ ЭС АЛУУЧУЛАРДЫН КООПСУЗДУГУН КАМСЫЗДОО МАКСАТЫНДА ГАРНИЗОНДУК САПТЫК КАРОО ӨТКӨРҮЛДҮ

Бүгүн, 30-май күнү Чолпон-Ата шаарында 2025-жылдын жайкы туристтик мезгилде эс алуучулардын ар кандай кырсыктардан сактоо максатында, генерал-полковник Камчыбек Ташиевдин жетекчилигинде гарнизондук саптык кароо өттү.

Ага ӨК министринин орун басары, генерал-майор Урматбек Шамырканов баштаган куткаруучулар катышып, иш-чарага ӨКМдин , ИИМдин, экология, медицина жана транспорт кызматтарынын кызматкерлери жана күч каражаттары катышты.

Иш-чара 2025-жылдын жайкы туристтик мезгилинде эс алуучулардын коопсуздугун камсыздоого жана кырсыктардын санын азайтууга багытталды.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу