Жаңылыктар

11.06.2024 19:29

   Кароолор: 242

ЫСЫК-КӨЛ: ТУРИСТТИК ОПЕРАТОРЛОР МЕНЕН ЖЫЙЫН ӨТКӨРҮЛДҮ

Ысык-Көл облусу өзүнүн бийик чокулары, тоо көлдөрү, ашуулары менен туристтерди жана альпинизм сүүйүүчүлөрүн өзүнө тартып жатат.

Андыктан жайкы туристтик мезгилде тоодо эс алуучулардын коопсуздугун жогорулатуу максатында 7-июнь күнү ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын башчысы полковник М.Карабаев облустук туризм секторунун, ИИМдин туристик-экологиялык полициясынын жетекчилеринин жана туристтик ишмердүүлүк жүргүзгөн ишкерлердин катышуусундагы жыйын өткөрдү.

Жыйында жайкы туристтик мезгилде тоодо жүрүү коопсуздук эрежелерин сактоо, каттоо жана коопсуз маршруттарды түзүү маселелери каралып, туроператорлор менен эс алуучулардын коопсуздугун камсыздоодо кызматташтык жүргүзүүнү жакшыртуу болду.

Ошондой эле алыскы өрөөндөргө жана бийик аска-зоолуу чокуларга сапар алган саякатчыларды спутник телефондор жана трекерлер менен камсыздоосун көзөмөлдөө, белгиленген маршруттан чыкпоону жоопкерчиликтүү аткаруу маселелери талкууланып, туристтик багытта иштеген тарап менен бирге атайы машыгуу өткөрүү макулдашылды.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу