Жаңылыктар
27.09.2023 12:15
Кароолор: 364
Ысык-Көл: Түптө өрт-тактикалык машыгуу өттү
Бүгүн ӨКМдин Түп райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан “5-октябрь кырсыктардын тобокелин азайтуу күнүнө” карата Түп айылындагы №7 Василий Кайкин атындагы орто мектебинде өрт-тактикалык машыгуу өттү.
Машыгуунун алкагында окуучуларды имараттан эвакуациялоо, коопсуз жайга жеткирүү, жабыркагандарды мекемеден алып чыгуу, медициналык жардам көрсөтүү, тартипти сактоо жана башка иш чаралары аткарылды.
Машыгууга райондук милиция, тез жардам жана Кызыл Ай коомунун кызматкерлери катышты.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР