Жаңылыктар
26.09.2024 13:58
Кароолор: 147
ЫСЫК-КӨЛ: ТҮПТӨ МЕКТЕПТЕР АРАСЫНДА "ЖАШ КУТКАРУУЧУ" МЕЛДЕШИ ӨТТҮ
Кечээ, 25-сентябрда ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын Түп району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тиешелүү райондук Жарандык коргонуу кызматтары менен биргеликте райондогу жалпы орто билим берүү мектептеринин арасында “Жаш куткаруучу" мелдешин өткөрдү.
Иш-чара “5-октябрь – Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө” карата өткөрүлүп, жаш куткаруучулар өзгөчө кырдаал жана өрт кырсыгы катталган учурда өзүн-өзү алып жүрүү жана биринчи жардам көрсөтүү боюнча таймашышты.
Мелдештин жыйынтыгында жеңүүчү болгон Балбай айыл аймагындагы К.Үсөнбеков атындагы орто мектебинин жаш куткаруучулар командасы 30-сентябрда өтө турган облустук мелдешке жолдомо алды.
Кийинки орундарды алган жеңүүчү командаларга кызыктыруучу белектер тапшырылды.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР