Жаңылыктар

08.07.2025 17:50

   Кароолор: 155

ЫСЫК-КӨЛ: ТҮП РАЙОНУНДА СЕЛ ЖҮРДҮ

2025-жылдын 8-июль күнү, болжол менен саат 13:10до Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Балбай жана Түп айыл аймактарында кыска убакыттын ичинде катуу нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен сел жүргөн.

Тагыраагы Түп айыл аймагына караштуу Шаты айылында кокту-колоттон келген суулар арыка батпай көпүрөдөн ташып, көчөлөрдү каптаган. Жерине айыл өкмөттөн 2 экскаватор, 1 хово, 1 жүктөгүч тартылып, иш алып барууда.

Балбай айыл аймагына караштуу Күрмөнтү айылында көпүрөгө суу батпай жолду каптаганына байланыштуу жеринде 3 экскаватор, 1жүктөгүч тартылган.

Ак-Булун айылындагы Фрунзе көчөсүндөгү бир үйдүн короо жайын суу каптап, жеринде 2 экскаватор, 1 жүктөгүч иш алып барууда. Азыркы учурда ички чарбалык арыктардын нугу тазаланууда. Түп районунда абал туруктуу. Майда жамгыр себелеп жатат. Кошумча маалымат берилет.

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу