Жаңылыктар

14.02.2024 11:52

   Кароолор: 327

ЫСЫК-КӨЛ: ТООДО КАЛЫП КАЛГАН ӨСПҮРҮМ БАЛДАР КУТКАРЫЛДЫ

ЫСЫК-КӨЛ: ТООДО КАЛЫП КАЛГАН ӨСПҮРҮМ БАЛДАР КУТКАРЫЛДЫ

 

Кечээ,13-февраль күнү кечинде Бостери айылынын Тегерек жайлоосуна 4 өспүрүм бала чыгышкан. Балдардын бири кулап, бутун оорутуп алып тоодон түшө албай калышкан.

Өз алдынча тоодон түшүүгө аракет кылган балдар суукта үшүп , жардамга муктаж экендигин билдирген.

Мындан улам Ысык-Көл райондук ӨКБдан жерине тез арада 4 куткаруучу авариялык куткаруу унаасы менен жөнөтүлгөн.

Издөөнүн натыйжасында бутунан жаракат алган бала жана шериктери аман-эсен табылып, Чолпон-Ата шаардык бейтапканага жеткирилген.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу