Жаңылыктар

08.07.2024 10:30

   Кароолор: 468

ЫСЫК-КӨЛ: ТОҢДУН ЖАЗЫ-КЕЧҮҮ ЖАЙЛООСУНДА 250 КОЙГО ЧАГЫЛГАН ТИЙДИ

Кечээ, 7-июлда саат 17:00 чамасында Тоң районунун Күн-Чыгыш айыл аймагынын Кажы-Саз айылынын Жазы-Кечүү жайлоосунда алдын ала маалымат боюнча болжол менен 250 баш койго чагылган тийип өлгөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.

Жеринде тактоо иштерин жүргүзүүгѳ Жарандык коргонуу комиссиясы жана Тоң райондук ƟКБдан ыкчам топ тартылган. Учурда тактоо иштери жүрүүдө.

Белгилей кетсек, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызгидромет кызматынын жана Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин маалыматтарына ылайык табигый кубулуштуардын өзгөрүүлөрү тууралуу эскертүүлөр тынымсыз берилип келет. Буга чейин 8-июлдан 12-июлга чейин нөшөрлүү жамгыр уланары эскертилген.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу