Жаңылыктар
28.08.2023 10:49
Кароолор: 1015
Ысык-Көл: Тоңдо селдин кесепеттерин жоюу уланууда
27-августта Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Көк-Мойнок-1 айылында кыска мөөнөттө жаап өткөн жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулары, болжол менен 30 турак үйдүн короо-жайларын, жертөлөлөрүн жана ички чарбалык жолдорду каптаган.
Жеринде кечээтен тарта куткаруучулар жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте сел суулары тазалоо иштерин аткарууда.
Бүгүн 28-август күнү тазалоо иштерин жүргүзүүгө Балыкчы шаардык ӨК бөлүмүнөн 17 куткаруучу 2 АКУ жана АЦ менен чыгышкан.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР