Жаңылыктар

06.07.2024 21:45

   Кароолор: 187

ЫСЫК-КӨЛ: ТОҢДО СЕЛ КЕСЕПЕТТЕРИ ЖОЮЛУУДА

2024-жылдын 6-июль күнү таңкы саат 06:00 чамасында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Тоң районунун Кажи-Сай айылын сел суулары каптап жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине ӨКМдин Тоң району боюнча ӨКБдан ыкчам топ тартылып, Кажы-Сай айылына тоодон агып келген суулар Стандартный, Баетов, Жанболотов көчөлөрүндөгү үйлөрдү каптап өтүп, сайга куйгандыгы жана 2 ички чарбалык көпүрөнү, сел өтүүчү каналга жакын жайгашкан 1 турак үйдүн короо тосмосу урагандыгын ошондой эле 10 турак үйдүн короосун суу каптагандыгы маалым болгон.

Жеринде селдин кесепеттерин жоюу жана аба ырайынын өзгөрүүсүн эске алуу менен сел сууларынын каптоосунун кайталанбашын көздөө максатында, ӨКМден 1 экскаватор, 2 жүк ташуучу самосвал, ал эми Күн-Чыгыш айыл аймагынын 1 трактор , 1 жүк ташуучу самосвал жана Тоң райондук №33 ЖТИден 1 жүктөгүч иш алып

Натыйжада сел өтүүчү каналдын бетон шакекчелери 30 тонна шагылдан тазаланып, ички чарбалык жолдордун жалпы 1200 метр жерине кум-шагыл төгүлүп түртүлдү. Жолду калыбына келтирүү иштери жергиликтүү бийликке милдеттендирилип, алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иштери улантылат.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу