Жаңылыктар
18.08.2024 22:52
Кароолор: 1301
ЫСЫК-КӨЛ: ТОҢ РАЙОНУНУН АК-САЙ АЙЫЛЫНДА СЕЛ ЖҮРДҮ
Бүгүн саат 19:30 чамасында жааган жаандын кесепетинен Тоң районунун Ак-Сай айылынын Жума Жамгырчиев көчөсүндөгү турак үйлөрдү сел каптап жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине Тоң району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ жана Жарандык коргонуу комиссиясы тартылган.
Ак-Сай айылында сел суулары жалпы 30 үйгө кирип, эки турак үйдөн 7 чоң киши жана 6 жаш бала убактылуу коопсуз жайга эвакуацияланды
Учурда Тоң райондук N38 өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнөн кошумча 20 куткаруучу тартылып, турак үйлөрдөн сел сууларын сордуруу иши жүрүүдө.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР