Жаңылыктар
12.09.2024 15:01
Кароолор: 229
ЫСЫК-КӨЛ: ТОҢ РАЙОНУНДА ЖАРАНДЫК КОРГОНУУНУН АБАЛЫ БААЛАНУУДА
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан бүгүн, 12-сентябрда Тоң райондук Жарандык коргонуунун абалын баалоо боюнча иш-чара өткөрүлдү.
Анын максаты - Жарандык коргонуу кызматтарынын өзгөчө кырдаалдарда иш алып барууга даярдыгын текшерүү жана иш-чаралардын уюштурулушун жакшыртуу болуп саналат.
Жарандык коргонуу абалын баалоонун жүрүшүндө ченемдик укуктук актыларынын талаптарынын аткарылышы жана уюштурулушу, ошондой эле жарандык коргонуу жаатындагы атайы окутуулар каралууда.
Мындан сырткары, табигый-техногендик өзгөчө кырдаалдардын алдын алууда ЖКнын инженердик жана атайы техникаларынын даярдыгы жана ошондой эле, кызматтардын өрт коопсуздугун камсыз кылуусу бааланмакчы.
Баалоо эртең, 13-сентябрь күнү да улантылат.