Жаңылыктар
24.10.2023 13:59
Кароолор: 594
ЫСЫК-КӨЛ: ”ТОГУЗ-БУЛАК” СЕЛ КАНАЛЫН КУРУУ УЛАНТЫЛУУДА
Учурда сел-суу ташкындарынан жаралган өзгөчө кырдаалды алдына алуу максатында Чолпон-Ата шаарынын түндүк-чыгыш тарабындагы “Тогуз-Булак” сел агуучу каналынын 2-этабында 86 метр тилкесинде куруу иштери улантылууда.
Буга чейин белгиленген тилкенин курулушунун 80 пайызы аяктап, 285 метр узундугу бүткөрүлгөн. Ал эми калганын бетон плиталары менен бекемдөө иштери жүрүүдө. Ошондой эле каналдан жөө адамдар өтүүчү 2 көпүрөнүн курулушу жана 1 унаа өтүүчү көпүрөнү калыбына келтирүү иштери каралган.
Жалпысынан бул каналдын курулуш долбоору 3 этаптан туруп 1816 метр узундуктагы сел алып өтүүчү канал каралган. Бул канал толугу менен курулуп бүткөндө Чолпон-Ата — Каракол негизги автоунаа жолунун 1 километри 2 км ички жол жана жалпы 100гө жакын турак жай, конок үйлөрү, соода түйүндөрү жана банктар корголмокчу.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР