Жаңылыктар

06.09.2024 11:09

   Кароолор: 518

ЫСЫК-КӨЛ: ТЕМИР АЙЫЛЫНДА СЕЛ ӨТҮҮЧҮ КАНАЛДЫ КАЗУУ ИШТЕРИ БАШТАЛДЫ

Ысык-Көл районунун Темир айылында ӨКМдин Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу кызматы тарабынан сел өтүүчү каналды казуу иштери башталды.

Анда Темир айылынын ортосунан өтүүчү сайдын бүтөлүп калган нугун казуу менен сел жүрүү коркунучун азайтууга багытталган. Жумуштун толук аякташы менен аталган айылдагы жалпы 200 турак жай жана 25га айдоо жер коргоого алынат. Бүгүнкү күндө сайдын 150 метри казылып бүттү.

Эске сала кетсек 2024-жылдын 18-август күнү, саат 21:30 чамасында нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен Садыр-Аке айыл аймагынын бир нече айылдарында сел жүрүп, анын ичинен Темир айылында материалдык чыгымдар жогору болгон.

6-сентябрга карата Темир айылында селдин кесепеттерин жоюу уланууда. ӨКМден 10 куткаруучу 16 инженердик техника жана Жарандык коргонуу кызматтарынан 17 инженердик техника тартылып, иш жүрүүдө.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу