Жаңылыктар
03.06.2024 10:33
Кароолор: 380
ЫСЫК-КӨЛ: СУУГА ТҮШҮҮГӨ КООПТУУ ТИЛКЕЛЕРДЕ ПРОФИЛАКТИКАЛЫК ИШТЕР ЖҮРГҮЗҮЛДҮ
Ак-Суу району тоо боорундагы жылуу бассейндери, шар аккан суулары жана көлдөрү менен таанымал аймак болуп саналат.
Ошондуктан район аймагында жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, суудагы кырсыктардын алдын алуу максатында профилактикалык иш-чаралар жүрүүдө.
Анда ӨКМдин Ак-Суу району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн, райондук мамлекеттик администрациясынын, райондук ИИБнин кызматкерлери жана айыл өкмөтүнүн адистери аймактагы көлмөлөрдү, каналдарды, дарыяларды, бассейндерди жана башка сууга түшүүчү жайлар көзөмөлгө алынды.
Алар сууга түшүүгө тыюу салынган жерлерге эскертүү белгилерин илип, жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР