Жаңылыктар

31.05.2024 15:02

   Кароолор: 391

ЫСЫК-КӨЛ: СУУЧУЛДАРДЫН ШАЙМАНДАРЫ ТАПШЫРЫЛДЫ

30-май күнү ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгына караштуу Ысык-Көл райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн №31 өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнүн өздүк курамынын потенциалын жогорулатуу максатында атайын 2 комплект суучулдардын шаймандарын жана селдин кесепеттерин жоюуга 1 мотопомпа районду өнүктүрүү фондунан тапшырылды.

Аталган каражаттардын жалпы баасы 597, 900 сомду түзүп, суучулдардын атайы суу алдында сүзүүгө ылайыкталган кийимдери менен жабдыктары алынган. Бул кийимдер адам өмүрүн коргоо иштерин уюштурууга жана суу алдында издөө-куткаруу иштерин жүргүзүүгө кеңири мүмкүнчүлүк берет.

Ысык-Көл районунун башчысы-аким Жапарбек Ормонов куткаруучуларга суу шаймандарын, жабдыктарын тапшырып жатып, алардын кесиптик жөндөмдүүлүгүн жогорулатып, потенциалын чыңдоого жардам берерине ишенерин баса белгиледи.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу