Жаңылыктар

10.08.2024 10:18

   Кароолор: 200

ЫСЫК-КӨЛ: СУУ ШАЛААКЫЛЫКТЫ КЕЧИРБЕЙТ!

Эс алуучулар суу үстүндө сүзүүчү каражаттарын колдонууда эң жөнөкөй коопсуздук эрежелерин унутууда.

Андыктан мындай шалаакылыкка бөгөт коюу жана эс алуучулардын коопсуздугун камсыздоо максатында ӨКМдин Ысык-Көл району боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери 10-августта Чолпон-Ата шаардык пляжынын жээгинде суу коопсуздук эрежелерин эскертүү иштерин жүргүзүүдө.

Анда куткаруучулар эс алуучуларды сууда сүзүү каражаттары менен жээктен алыска кетпөөнү эскертип, көл үстүндө сүзүү каражаттарын ижарага алууда сөзсүз түрдө коопсуздук жилеттерин да талап кылып кийүүсүн баса белгилешти.

Ошондой эле эс алуучуларга “Суу шалаакылыкты кечирбесин” жана суу коопсуздук эрежелерин сактоо өмүрдү сактап калаары эскертилди.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу