Жаңылыктар
19.06.2024 16:33
Кароолор: 681
ЫСЫК-КӨЛ: СУУ КООПСУЗДУК ЭРЕЖЕЛЕРИН ЭСКЕРТЕБИЗ
Жайкы туристик мезгилде жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында ӨКМдин Балыкчы шаары боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы тарабынан шаарга караштуу пляждардагы эс алуучуларга түшүндүрүү иштери жүрүүдө.
Сууга түшүүгө коопту аймактарда, шар аккан агын сууларга, дарыяларга түшүүгө болбостугу эскертилип, көл жээгинде күндөн-күнгө көбөйүп жаткан эс алуучуларга нускамалоо баракчалары таркатылууда.
Аталган иш-чара өздүк курам тарабынан күн сайын көл жээктерин, пляждарды кыдыруу аркылуу жүргүзүлүп, суу кырсыктарынын санын азайтууга багытталууда.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР