Жаңылыктар

25.03.2025 14:17

   Кароолор: 239

ЫСЫК-КӨЛ: СУУ КАПТОО КООПТУЛУГУН ЖОЮУ ИШТЕРИ УЛАНУУДА

Бүгүн, 25-март күнү Ысык-Көл облусунун Түп районунун К.Карасаев айыл аймагынын Токтоян, Долон, Тасма айылдарында суу каптоо коркунучун жоюу иштери уланууда.

Ага Жарандык коргонуу кызматтарынан 1 жүктөгүч, 6 экскаватор жана жергиликтүү башкаруу органдарынан 35 кызматкер, ӨКМден 28 куткаруучу тартылып, суунун нугун буруу иштери жүргүзүлүүдө.

Азыркы учурда каз тамандуу экскаватордун жардамы менен Калмак-Арык каналын тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

Эске сала кетсек, кечээ 24-март күнү, аба ырайынын температурасынын жогорулашынан жана жааган жаандын кесепетинен Түп районунун Карасаев айыл аймагында Токтоян, Долон жана Тасма айылдарында турак үйлөргө суу каптоо коркунучу жаралган.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу