Жаңылыктар

19.12.2024 11:18

   Кароолор: 220

ЫСЫК-КӨЛ: СОЦИАЛДЫК ФОНД МЕКЕМЕСИНДЕ ӨРТ-ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ ӨТКӨРҮЛДҮ

ӨКМдин Түп району боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан райондук социалдык фонд мекемесинде өрт-тактикалык машыгуу өткөрүлдү.

Машыгууга N34 өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнөн 2 бөлүм, тез жардам кызматынан 1 бөлүм тартылып, план-сценарийге ылайык өрт кырсыгынан жабыркаган жаран куткарылып, алгачкы жардам көрсөтүлдү.

Мындай машыгуулар ӨКМдин өздүк курамынын кесиптик даярдыгын жогорулатуу жана мекеме кызматкерлеринин ар кандай өзгөчө кырдаалдарга, өрт кырсыктарына даярдыгын күчөтүү максатын көздөйт.

Соңунда куткаруучулар аталган фонддун кызматкерлерине кыш мезгилинде өрт кырсыктарынын келип чыгуу себептери жана алардын алдын алуу боюнча кеңештерин беришти.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу