Жаңылыктар
19.08.2024 19:26
Кароолор: 259
ЫСЫК-КӨЛ: ШТАБДЫК ЖЫЙЫН ӨТКӨРҮЛДҮ
Ысык-Көл районунда селдин кесепеттерин ыкчам жоюу жумуштары Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматовдун жетекчилигинде жигердүү жүрүүдө.
Министрдин орун басары кечке маал ыкчам штабдык жыйын өткөрүп, 20-август күнү улана турчу селдин кесепеттерин жоюу жумуштары боюнча бир катар тапшырмаларды койду.
Ага ылайык сел суусу кирген райондун Темир, Булан-Сөгөттү жана Корумду айылдарындагы турак үйлөрдү тазалоо, керектүү техникаларды жетиштүү деңгээлде тартуу жана 20-август күнү улана турчу тазалоо жумуштарына куткаруучуларды бөлүштүрүү такталды.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР