Жаңылыктар

21.08.2024 21:25

   Кароолор: 276

ЫСЫК-КӨЛ: СЕЛДИН КЕСЕПЕТТЕРИН ЖОЮУГА ЖАЛПЫ 1103 АДАМ, 57 ИНЖЕНЕРДИК ТЕХНИКА ТАРТЫЛДЫ

Бүгүн 21-август күнү Ысык-Көл районунун Садыр-Аке айыл айыл өкмөтүнүн сел кырсыгы катталган аймакты тазалоо иштерин жүргүзүүгө жалпы 1103 адам, 57 инженердик техникасы тартылды.

Анда тазалоо иштеринин жыйынтыгында бүгүнкү күнү куткаруучулар тарабынан 31 үй, Жарандык коргонуу кызматтары тарабынан 29 үй сел сууларынын калдыктарынан тазаланып, толугу менен тазаланып бүткөн үйлөрдүн саны жалпы 219 үйгө жетти.

Эске сала кетсек , Темир, Булан-Сөгөттү, Корумду айылдарында селдин кесепеттерин жоюуга КР ӨКМдин 383 куткаруучу, 11 инженердик техника, 8 мотопомпа, ал эми Жарандык коргонуу кызматтарынан 720 кызматкер 22 инженердик техника, 4 ассенизатор ошондой эле Чайна-Роуд ишканасынан 24 инженердик техника тартылган.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу