Жаңылыктар
26.08.2024 12:30
Кароолор: 1293
ЫСЫК-КӨЛ: СЕЛДИН КЕСЕПЕТТЕРИН ЖОЮУ ИШТЕРИ УЛАНТЫЛУУДА
Бүгүн 26-август күнү Ысык-Көл районунун Садыр-Аке айыл аймагындагы сел суулары каптаган айылдарда селдин кесепеттерин жоюу иштерине жалпы 307 адам жана 58 атайы техника, 1 өрт өчүрүүчү унаа тартылды.
Сел жүргөн айылдарда тазалоо иштерин Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Урматбек Шамырканов көзөмөлдөөдө.
Жеринде ӨКМден 253 куткаруучу, 17 инженердик техника, ошондой эле Жарандык коргонуу кызматтарынан 54 адам, 41 инженердик техника тазалоо иштерин жүргүзүүдө.
Ал эми 19-25-август күндөрү жергиликтүү тургундарга жеткирилген таза суунун жалпы саны 110тоннаны түзгөн.Мындан сырткары санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору тарабынан:
- Корумду айылында 6
- Кашат айылында 4
- Темир айылында 100 турак үй, жалпы 110 турак үйдө дезинфекциялоо жүргүзүлдү.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР