Жаңылыктар

21.08.2024 12:11

   Кароолор: 631

ЫСЫК-КӨЛ: СЕЛДИН КЕСЕПЕТТЕРИН ЖОЮУ ИШ-ЧАРАЛАРЫ УЛАНУУДА

Бүгүн 21-августта саат 12:00гө карата Ысык-Көл районунун Садыр-Аке айыл аймагындагы сел сууларынын кесепеттерин жоюу иштери улантылууда.

Анда жалпысынан 854 адам жана 58 инженердик техника катышып анын ичинен 383 ӨКМдин куткаруучусу, 11 инженердик техника, 8 мотопомпа ал эми Жарандык коргонуу кызматынан 471 кызматкер, 32 инженердик техника, 4 ассенизатор, "Чайна-Роуд" ишканасынан 15 инженердик техника 15, айдоочу иштеп жатат.

Эске сала кетсек, 2024-жылдын 18-август түнкү саат 21:30 чамасында жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттордон аккан суулар Садыр-Аке айыл аймагында жайгашкан бир нече айылды сел суулары каптаган.

Азыркы учурда Жарандык коргонуу кызматынын жана ӨКМдин күч каражаттары биригип, жалпы 159 үй толук тазаланып бүттү.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу