Жаңылыктар

20.08.2024 19:59

   Кароолор: 196

ЫСЫК-КӨЛ: СЕЛ ЖҮРГӨН АЙМАКТА МОНИТОРИНГ ЖАНА ИЗИЛДӨӨ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛҮҮДӨ

Ысык-Көл районунун Садыр-Аке айыл аймагындагы катталган сел процесстерине жеринде изилдөө иштери жүргүзүлүүдө.

Анда 2024-жылдын 18-августунда нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен кокту колоттордон топтолуп түшкөн сел суулары Садыр-Аке айыл аймагынын Темир, Булан-Сөгөттү жана Корумду айылдарын каптаган.

Селдерди жеринде иш алып баруу үчүн КР ӨКМне караштуу Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин адистери жеринде кечиктирилгис визуалдык жана аэровизуалдык изилдөө иштерин атайын шаймандар менен жүргүзүп жатышат.

Изилдөөнүн жыйынтыгында болуп өткөн кырсыктын кесепеттерин жоюу жана мындан ары болтурбоо максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тиешелүүү ишканаларга кечиктирилгис иш алып баруу үчүн тиешелүү сунуштар берилет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу