Жаңылыктар
18.03.2024 10:43
Кароолор: 499
ЫСЫК-КӨЛ: СЕЛ, СУУ ТАШКЫНДАРЫНАН КОРГООЧУ КАНАЛДАРДЫН КУРУЛУШ ИШТЕРИ БАШТАЛУУДА
ӨКМдин Ысык-Көл району боюнча ӨКБнын кызматкерлери, Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаменти менен биргеликте 2023-жылдан тарта БУУнун Өнүктүрүү Программасы жана Япония Өкмөтүнүн пилоттук проектиси менен иш алып барып, анын натыйжасында пилоттук долбоорго кирген Ысык-Көл районун аймагындагы Чолпон-Ата шаарында, Чоң-Сары-Ой, Бостери айыл аймактарында, суу ташкындарынан коргоочу каналдардын жана дамбанын курулуш иштери башталууда.
Долбоордун “Кырсыктарга мониторинг жүргүзүүнүн улуттук тутумун жана коомчулуктун адаптациялык потенциалын чыңдоо аркылуу бийик тоолордогу мөңгү көлдөрүнүн жарылуусунан, ташкындоосунан жана кар көчкүдөн келип чыгуучу тобокелдиктерди, кесепеттерди азайтуу” боюнча эл аралык коомдук фондунун пилоттук долбоорунун негизинде, БУУНнун Өнүктүрүү Программасы алкагында ар бир объектиге 4 миллион сомдон каражат бөлүндү.
Учурда Чолпон-Ата шаарынын Фрунзе көчөсүндөгү селге бөгөт коюучу курулуш иштери башталып, сметага ылайык 105 метр тилкеси Г түрүндөгү плиталары менен курулмакчы. Ал эми Чоң-Сары-Ой, Бостери айыл аймактарында курулуш иштеринин башталышы жакынкы күндөргө каралган.
Бул долбоор адам өмүрүнө туудурган коркунучтарды жана материалдык чыгымдардын санын азайтууга багытталып, жергиликтүү тургундарга табигый кырсыктардын тобокелдигин азайтуу боюнча окутуулар жүрүүдө.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР