Жаңылыктар
23.08.2024 12:14
Кароолор: 369
ЫСЫК-КӨЛ: СЕЛ КЕСЕПЕТТЕРИН ЖОЮУ ИШТЕРИ КҮЧӨТҮЛГӨН ТАРТИПТЕ УЛАНУУДА
Бүгүн 23-август күнү Ысык-Көл районунун Садыр-Аке айыл аймагындагы сел кесепеттерин тазалоо иштери улантылууда
Ага ӨК министри генерал-майор Бообек Ажикеевдин буйругу менен минстрдин орун басары полковник Урматбек Шамырканов көзөмөл жүргүзүүдө.
Мындан сырткары сел кеспеттерин жоюу иштерине техника жана күч каражаттарын эффективдүү бөлүштүрүү максатында ар күнү штабдык жыйын өтүүдө.
Жеринде селдин кесепеттерин жоюу иш-чараларын улантууга жалпы 704 адам, 56 техника, 3 өрт өчүрүүчү унаа, 8 мотопомпа тартылган, анын ичинен:
КР ӨКМнен:
- 354 куткаруучу,
- 14 инженердик техника,
- 8 мотопомпа,
- 3 өрт өчүрүүчү унаа жана
Жарандык коргонуу кызматтарынан:
- 350адам,
- 42 инженердик техника иш алып барууда.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР