Жаңылыктар
06.08.2024 15:39
Кароолор: 442
ЫСЫК-КӨЛ: САРЫ-КАМЫШ АЙЫЛЫНДА СЕЛ ЖҮРҮП, 10 КУТКАРУУЧУ ТАРТЫЛДЫ
Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарына жакын жайгашкан Сары-Камыш айылында сел жүрдү.
Алдын ала маалымат боюнча, саат 13:00 чамасында нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен Ысык-Көл районуна караштуу Сары-Камыш айылында сел жүрүп, турак үйлөрдү каптагандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине Балыкчы шаардык №19 ӨКБдан 10 куткаруучу тартылган. Кошумча маалымат берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР