Жаңылыктар
20.07.2024 13:30
Кароолор: 301
ЫСЫК-КӨЛ: САКТЫКТА КОРДУК ЖОК!
ӨКМдин Ысык-Көл району боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери жайкы туристик мезгилде эс алуучуларды суу коопсуздугу жана ар кандай көл жээгиндеги эс алуучу жайларда өрт коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
Райондун аймагында жайгашкан пансионатардын жана каралбаган жээктерди кыдырып, сууга түшүп жаткан эс алуучуларга суу коопсуздук эрежелерин түшүндүрүү менен бирге атайы нускамалоочу барактар таратылууда.
Ошондой эле көл жээктерин иштетип жаткан ишкерлерге эскертмелер берилип, эс алуучуларды кабыл алууда суу коопсуздугунун сакталышы боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР