Жаңылыктар

22.08.2024 23:40

   Кароолор: 1002

ЫСЫК-КӨЛ: САДЫР-АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНДА ЖАЛПЫ 276 ТУРАК ЖАЙ ТАЗАЛАНДЫ

Бүгүн 22-август күнү Ысык-Көл районунун Садыр-Аке айыл аймагындагы селдин кесепеттерин жоюу иштери жүргүзүлүп, ӨКМдин куткаруучулары тарабынан 32, Жарандык коргонуу кызматтары тарабынан 25 үй тазаланып, толугу менен тазаланган үйлөрдүн саны 276 үйгө жетти.

Тазалоо иштерине жалпы 927 адам, 66 инженердик техника, 3 өрт өчүрүүчү унаа, 4 ассенизаторадам, 66 атайын техника, 3 өрт очүрүүчү унаа, 4 ассенизатор, 8 мотопомпа тартылды.

Анын ичинен КР ӨКМнен 382 куткаруучу, 13 инженердик техника, 8 мотопомпа, 3 өрт өчүрүүчү унаа ал эми Жарандык коргонуу кызматтарынан 545 адам, 28 инженердик техника, 4 ассенизатор, ошондой эле Чайна-Роуд ишканасынан 25 инженердик техника тазалоо иштерин жүргүздү.

23-август күнү тазалоо иштери улантылат.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу