Жаңылыктар
27.01.2024 15:01
Кароолор: 447
ЫСЫК-КӨЛ: “РСК” БАНКЫНЫН МЕКЕМЕЛЕРИНДЕ ӨРТ КООПСУЗДУГУ БОЮНЧА ТЕКШЕРҮҮЛӨР ЖҮРГҮЗҮЛҮҮДӨ
“РСК банк” ААКтын жетекчилиги облус аймагындагы филиалдарында кырсыктын алдын алуу максатында ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгына кайрылуусунун негизинде, адистер тарабынан банктардын өрт коопсуздугу текшерилүүдө.
ӨКМге караштуу Өрт көзөмөлдөө кызматынын инспекторлору тарабынан имараттардын өрт коопсуздугуна жооп берүү талаптары каралып чыгып, кемчиликтерди жою боюнча тиешелүү сунуштар берилип жатат.
Ал эми район жана шаардык ӨКБлардын офицерлери аталган банктын кызматкерлерине өзгөчө кырдаалдар учурунда жарандарды эвакуациялоо жана алгачкы өрткө каршы шаймандарды колдонуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР