Жаңылыктар
19.08.2024 00:49
Кароолор: 267
ЫСЫК-КӨЛ РАЙОНУНУН БУЛАН-СӨГӨТТҮ, КОРУМДУ, ТЕМИРОВКА АЙЫЛДАРЫНА КУТКАРУУЧУЛАР ТАРТЫЛДЫ
Алдын ала маалымат боюнча 2024-жылдын 18-август түнкү саат 21:30 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен Ысык-Көл районунун Булан-Сөгөттү, Корумду Темировка айылдарында жана "Ысык-Көл Аврора " эс алуу жайын сел суулары каптап жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине Райондук Жарандык коргонуу кызматынын күч каражаттары жана ӨКМдин Ысык-Көл району боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 10 куткаруучу жана Каракол шаардык N 15 өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнөн 5 куткаруучу Авариялык куткаруу унаасы мотопомпа менен тартылууда. Кошумча маалымат берилет
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР