Жаңылыктар
07.06.2026 14:07
Кароолор: 265
ЫСЫК-КӨЛ РАЙОНУНДАГЫ СЕЛДИН КЕСЕПЕТТЕРИН ЖОЮУ ИШИ КҮНҮ-ТҮНҮ УЛАНУУДА
7-июнь, саат 13:00гө карата Ысык-Көл районунун Булан-Сөгөттү айылында жүргөн селдин кесепеттерин жоюу иши күнү-түнү уланууда.
Табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга жалпы 159 адам, 39 техника тартылган.
Анын ичинен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 87 куткаруучу, 19 техника тартылган.
Жеринде ӨКМдин суучулдары дайынсыз жоголгон жаранды 1 моторлуу кайык, 1 кеме менен көлдүн астынан да издөө-куткаруу жумушун жүргүзүүдө.
Ошондой эле куткаруучулар техника жана башка издөө ыкмалары менен тынымсыз жумуш жүргүзүп жатышат.
Мындан сырткары селдин кесепеттерин жоюуга Ысык-Көл райондук Жарандык коргонуу кызматтарынан жалпы 50 адам, 20 инженердик техника тартылган.
- ИИМден - 20 кызматкер;
- Тез жардам кызматынан - 2 медицина кызматкер иш алып барууда.
Учурда ӨКМдин жана Жарандык коргонуу кызматтарынын техникаларынын жардамында жалпы 198 каттам жүргүзүлүп, 2970м3 көлөмдөгү сел калдыктары чыгарылды. Кошумча маалымат берилет
ӨКМ ПРЕСС-БОРБОРУ