Жаңылыктар

19.08.2024 14:03

   Кароолор: 266

ЫСЫК-КӨЛ РАЙОНУНДА СЕЛДИН КЕСЕПЕТТЕРИН ЖОЮУГА 441 АДАМ ТАРТЫЛДЫ

19-август саат 13:30га карата селдин кесепеттерин жоюуга 441 адам тартылды. Жеринде Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов жеке көзөмөлүнө алууда

Алдын ала маалымат боюнча Ысык-Көл районунун Булан-Сөгөттү, Корумду, Темир айылдарында 480 үй жабыркаган. Тактоо иштери уланууда.

Селден кийинки тазалоо жумуштарына ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынан 80 куткаруучу, Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун 100 куткаруучу жеринде иш алып барууда.

Ошондой эле облустук Жарандык коргонуу кызматтарынан 261 кызматкер жана 4 экскаватор тартылып тазалоо иштери жүрүүдө.

Кошмча күч катары ӨКМдин Нарын облусу боюнча башкармалыгынан 60 жана Чүй облусу боюнча башкармалыгынан 60 куткаруучу тартылды. Саналуу сааттан кийин жерине жетип, тазалоо ишине киришет.

Белгилей кетсек сел кырсыгынан адам өмүрүнө коркунуч жаралган эмес. Кошумча маалымат берилет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу