Жаңылыктар
19.08.2024 10:18
Кароолор: 1343
ЫСЫК-КӨЛ РАЙОНУНДА ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛ РЕЖИМИ ЖАРЫЯЛАНДЫ
2024-жылдын 18-август күнү Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун аймагында катталган селдин кесепеттерин жоюу жана башка кечиктирилгис иш-чараларды өз убагында аткаруу максатында, Ысык-Көл РМАнын башчысы-акимдин 2024-жылдын 18-августундагы №195 тескемесинин негизинде Ысык-Көл районунун аймагына "Өзгөчө кырдаал" режими киргизилген.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР