Жаңылыктар

19.08.2024 11:42

   Кароолор: 866

ЫСЫК-КӨЛ РАЙОНУНДА 358 АДАМ СЕЛ КЕСЕПЕТТЕРИН ЖОЮУДА

Бүгүн саат 11:30 га карата Ысык-Көл районуна сел кесепетерин жоюу иштерине ӨКМден жалпы 143 куткаруучу, 3 мотопомпа тартылды.

Атап айтсак, Ысык-Көл районунан 50 куткаруучу 1 мотопомпа, Балыкчы шаарынан 25 куткаруучу 1 мотопомпа, Каракол шаарынан 25 куткаруучу 1 мотопомпа, Ак-Суу районунан №39 13 куткаруучу, Түп районунан 15 куткаруучу,

Суучулдар кызматынан 15 кызматкер жана ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан 146 кызматкер, 2 ХОВО, 1 экскаватор, 2 жүктөгүч тазалоо иштерине чыгышты.

Ал эми Жарандык коргонуу кызматтарынан 30 кызматкер, “Чайна Роуд ” ишканасынан 39 кызматкер 39 техника жеринде иштеп жатат.

Кошумча маалымат берилет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу