Жаңылыктар

15.11.2023 09:39

   Кароолор: 452

ЫСЫК-КӨЛ: РАЙОНДОРДО ӨРТ-ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУЛАР ӨТҮҮДӨ

Бүгүн өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана өрт коопсуздугун сактоо, биринчи өрт өчүрүүчү шаймандарды колдонууну үйрөтүү максатында ӨКМдин кызматкерлери тарабынан облус аймагында жарандар көп топтолгон мекемелерде өрт-тактикалык машыгуулар өткөрүлүүдө.

Мындай машыгуулар Тоң, Түп жана Ысык-Көл райондорунун өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнүн офицерлери тарабынан кесиптик жана жалпы билим берүүчү мекемелерде, административдик объекттерде, жол тейлөө жана курулуш иш каналарында эвакуациялык иштерди жүргүзүү, жабыркагандарды куткаруу жана биринчи медициналык жардам көрсөтүү боюнча практикалык иш-чаралары жүргүзүлдү

Ошондой эле машыгуунун катышуучуларына алгачкы өрт өчүрүүчү шаймандарын колдонуу жаатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, машыгууга катышкан тез жардам, милиция, электр-техникалык кызматтарынын кызматкерлеринен сырткары жалпы 2400 адамга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. .Облус аймагында машыгуулар уланууда

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу