Жаңылыктар
26.12.2023 15:36
Кароолор: 468
ЫСЫК-КӨЛ: ПИРОТЕХНИКАЛЫК БУЮМДАРДЫН КООПСУЗДУК ЭРЕЖЕЛЕРИ ТҮШҮНДҮРҮЛДҮ
Кечээ, 25-декабрында ӨКМдин Каракол шаардык Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн офицерлери шаардык мэриянын кызматкерлери менен бирге “ Бугу” соода борборуна жана “ Ак-Тилек” базарында фейерверк сыяктуу каражаттарды сатуучуларга жана тамактануучу жайлардагы өрт коопсуздук эрежелеринин сакталышы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Анда ишкерлерге өрт коопсуздук эрежелери жана күйүүчү-заттардын сактоо, колдонуу эрежелери түшүндүрүлүп, пиротехникалык каражаттарынын сатууга улуксат берүүчү жана атайы текшерүүдөн өткөндүгү тууралуу кагаздары текшерилип, жарылуучу заттардын зыяны жана алып келүүчү кэсепеттери туралуу нускамалоочу барактар таркатылды.
Мэриянын кызматкерлери менен бирге соода жайларынын коопсуздук эрежелеринин кемчиликтери аныкталып, аны жоюу боюнча сунуштар соода борборлорунун администрациясына жеткирилмей болду.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР