Жаңылыктар
12.03.2025 12:52
Кароолор: 366
ЫСЫК-КӨЛ: ӨСПҮРҮМДӨР СУУДАГЫ КООПСУЗДУК ЭРЕЖЕЛЕРИН ҮЙРӨНҮШҮҮДӨ
ӨКМ кызматкерлери Ысык-Көл облусунун аймагында "Жаш өспүрүмдөрдүн суудагы коопсуз жүрүм-туруму жөнүндө" семинарларды өткөрүүдө.
Бул ирет ӨКМдин Каракол шаары боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн куткаруучулары шаардагы №11 мектеп-гимназиясынын окуучуларына сууга түшүүдө этият болуу жана сууда жүрүүнүн коопсуздук эрежелери жөнүндө түшүндүрүү иши жүргүзүлдү.
Мындай иш-чаралар жалпы облус аймагында өтүүдө, ал суу кырсыктарынын алдын алуу жана санын азайтуу максатын көздөйт.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР