Жаңылыктар

12.01.2024 10:37

   Кароолор: 460

ЫСЫК-КӨЛ: ӨРТ КООПСУЗДУК ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗ!

ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгына караштуу район жана шаардык түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан кышкы жылытуучу мезгилдеги өрт кырсыктарынын алдын алуу жана өрт коопсуздук эрежелерин коомчулукка кеңири жеткирүү максатында, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Облус аймагындагы жалпы билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемелеринин кызматкерлерине ӨКМге караштуу Өрт коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынын инспекторлору менен бирге өрт кырсыктарын алдын алуу боюнча иш-чаралар өткөрүлүп, куткаруучулар тарабынан алгачкы өрт өчүрүүчү каражаттарды колдонуу, жарандарды эвакуациялоо тууралуу атайын көрсөтмө сабактар жүргүзүлдү.

Кыш мезгилиндеги өрт кырсыктарынын келип чыгуусунун негизги себептеринин бири— жарандардын жылытуучу электрдик буюмдары, от жагуучу мештерди колдонуу этиятсыздыгынан келип чыккандыгына байланыштуу, үймө-үй кыдыруу жолу менен нускамалоо жана электр дүмүрчөктөрү менен бирге коопсуздук эрежелерин түшүндүрүү иштери жүрүүдө.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу