Жаңылыктар

25.10.2023 11:18

   Кароолор: 714

ЫСЫК-КӨЛ: ӨРТ КООПСУЗДУГУН АЛДЫН АЛУУДА

Учурда райондук жана шаардык ӨКБнын өрт өчүрүү жана алдын алуу бөлүмдөрүнүн офицерлери ӨКМге караштуу Өрттү көзөмөлдөө кызматынын инспекторлору менен бирге адамдар көп топтолгон өрт коопту мекеме иш каналарда текшерүү жана нускамалык түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Мындай иш-чаралардын негизги максаты — адамдар көп топтолгон жайлардагы өрт коопсуздук эрежелерин сактоо жана алдын алууга багытталып, тойканалар, май куючу жайлар, мектеп, бала бакчалардын жана башка мекемелер текшерилүүдө. Өрт коопсуздугун жана өрт өчүрүүчү шаймандардын гидранттардын абалы каралып, өрт көзөмөлдөө инспекторлору тарабынан коопсуздукту сактабаган мекемелерге тиешелүү чараларды көрүүдө.

Кырсыктардын санын азайтуу үчүн ӨКМдин офицерлери нускамалык баракчаларды таркатып, облустук теле берүүлөр аркылуу өрт коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча видеороликтерди жарнамалык торчого жайгаштыруу менен коомго жеткизүүдө.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу