Жаңылыктар
14.01.2025 11:55
Кароолор: 1165
ЫСЫК-КӨЛ: ӨРТ КООПСУЗДУГУ БОЮНЧА ҮГҮТ-НАСААТ ИШТЕРИ УЛАНУУДА
Учурда Ысык-Көл облусунун аймагында кыш мезгилинде өрт кырсыктарынын алдын алуу боюнча үгүт-насаат иштери уланууда.
Анда ӨКМдин кызматкерлери үймө-үй кыдырып, карапайым тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Ошондой эле билим берүү мекемелеринин кызматкерлерине өрт коопсуздугун сактоо, кырсыктардын алдын алуу жана окуучулардын бул боюнча сабаттуулугун арттыруу боюнча кеп-кеңештер берилди.
Иш-чаранын алкагында куткаруучулар жарандарга от казан, электр жылытуучу буюмдарды колдонууда коопсуздук эрежелерин жана алгачкы өрт өчүрүүчү каражаттардын колдонуу тартибин жеткиришти. Мындай саамалыктар жарандардын аң-сезимин ойготуу менен кырсыктардын азайышына өбөлгө болмокчу.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР