Жаңылыктар
20.10.2023 09:52
Кароолор: 391
ЫСЫК-КӨЛ: ӨКМдин ОБЛУСТУК БАШКАРМАЛЫГЫНА ЖАҢЫ ДРОН ТАПШЫРЫЛДЫ
18-октябрда ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгына «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын демөөрчүлүгү менен 321 миң сом наркындагы DJI MAVIC 3 PRO үлгүсүндөгү дронду алып беришти.
Эми бул дрондун жардамы менен жер көчкү, сел коопту аймактарга мониторинг иштерин жүргүзүүгө жана анын масштабын көрүүгө, түрлүү өрт кырсыктарын алдын алуу жана аны изилдөөгө, ошондой эле куткруучулар тарабынан издөө-куткаруу иштерин аткарууда адам колу жетпеген жерлерге учуп сүрөт жана видео аркылуу болуп жаткан абалды көрүүгө мүнкүнчүлүк түзөт.
Эске сала кетсек, “Кумтөр Голд Компани” ишканасы көп жылдан бери ишмердүүлүк жүргүзгөн аймактын комплекстүү өнүгүүсүнө, анын ичинде айыл чарба, экологияны коргоо, жеке майда ишкердикти, облустун жаштарын жана билим секторун колдоо ошондой эле Республиканын баардык аймактарынан келген суранычтарды карап жабдуулар менен жана кызмат көрсөтүү аркылуу жардам берип келе жатат.
ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР