Жаңылыктар

18.08.2024 22:54

   Кароолор: 250

ЫСЫК-КӨЛ: ӨКМдин КУТКАРУУЧУЛАРЫ КҮЧӨТҮЛГӨН ТАРТИПТЕ ИШ АЛЫП БАРУУГА ӨТТҮ

Бүгүн саат 19:30 чамасында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Чолпон-Ата шаарындагы Тогуз-Булак сел өтүүчү каналы аркылуу топтолгон суу агып, каналдан ашып кетүү коркунучу жаралган.

Жеринде ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, полковник М.Карабаев жетектеген ыкчам топ жана шаардык Жарандык коргонуу кызматынын комиссиясы аталган каналды көзөмөлдөө.

Учурда Чолпон-Ата шаарында абал туруктуу.

Облус аймагындагы аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнөн жана ыкчам иш-чараларын жүргүзүү максатында райондук жана шаардык ӨКБнын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууга өттү.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу