Жаңылыктар
27.03.2026 19:45
Кароолор: 920
ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУНУН ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ АБАЛЫ БААЛАНДЫ
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан 25-27-март күндөрү Ысык-Көл облусунун жарандык коргонуу абалы бааланды.
Жалпы үч күн ичинде Президенттин Ысык-Көл облусунун өкүлчүлүгү, Ак-Суу, Түп, Жети-Өгүз, Тоң, Ысык-Көл райондорунун, Каракол, Балыкчы шаарларынын өзгөчө кырдаалдын алдын алуу жана кесепеттерин жоюудагы иш-аракеттерин камтыган иш кагаздары текшерилип, күч каражаттары бааланды. Анткени айттырбай келген түрдүү кырсыктарда калкты жана аймактарды коргоо үчүн ыкчамдуулук, туура иш-аракет гана талап кылынат.
Мындан улам ӨКМдин атайы комиссиясы тарабынан жер-жерлерде Жарандык коргонуу кызматтарынын мүмкүнчүлүктөрү, уюштуруу пландарын баалоого алышып, табылган бир катар кемчиликтерди тез арада жоюу тапшырмасы коюлду.
Белгилей кетсек, мындай жарандык коргонуунун абалын баалоо Президент С. Жапаровдун “2026-жылга Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу жаатындагы пландарды бекитүү жөнүндөгү” Жарлыгынын негизинде өтүп келет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР