Жаңылыктар
07.08.2026 18:14
Кароолор: 13
ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУНУН ЧОЛПОН-АТА ШААРЫНДА 12 КҮНДҮК ЭЛ АРАЛЫК СУУЧУЛДАР ТРЕНИНГИ БАШТАЛДЫ
Тренингдин алкагында катышуучулар үчүн алгач теориялык сабактар уюштурулуп, суу астындагы коопсуздук эрежелери, куткаруу иштеринин ыкмалары жана заманбап суучулдук жабдууларды колдонуу боюнча билимдер берилет.
Андан соң чет өлкөдөн келген суучулдар медициналык кароодон өтүп, өлкөнүн климаттык шарттарына ыңгайлашкандан кийин көлдүн акваториясында практикалык машыгууларды өткөрүшөт.
Окуу-тренинг тажрыйба алмашууга, кесиптик чеберчиликти жогорулатууга жана өзгөчө кырдаалдарда суучулдардын биргелешкен аракеттерин чыңдоого багытталган.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОРУ