Жаңылыктар
16.09.2026 00:23
Кароолор: 4
ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУН ӨНҮКТҮРҮҮ ФОНДУНАН КУТКАРУУЧУЛАРГА АТАЙЫН ТЕХНИКАЛАР АЛЫНДЫ
Бүгүн Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунан бөлүнгөн 16 млн сом каражатка сатылып алынган атайын унаа, техникалар жана санариптик жабдуулар Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгына өткөрүлүп берилди.
Салтанаттуу расмий иш-чарага Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Жетигенов, Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев жана куткаруучулар катышты.
Алынган техникалар облус аймагында калктын коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, ошондой эле тоолуу аймактарда жана суу объектилеринде издөө-куткаруу иштерин натыйжалуу жүргүзүүгө шарт түзөт.
ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгына төмөнкү техникалар жана жабдуулар берилди:
«Шакман» вахталык унаасы – 1 даана. 28 орундуу жол тандабас тибиндеги унаанын негизги артыкчылыгы - татаал жол шарттарында жана тоолуу аймактарда жүрүү мүмкүнчүлүгү. Бул куткаруучулардын кыйын жерлерге ыкчам жетүүсүн камсыз кылат.
- Утилитардык кар унаасы (снегоход) – 2 даана. Куткаруу чанасы атайы жүк ташуучу чиркегичтери менен кошо алынган. Кыш мезгилинде тоолуу аймактарда куткаруу иштерин жүргүзүүгө арналган;
- Суу алдындагы дрон – 1 комплект. Көлдүн түбүндө издөө-куткаруу иштерин жүргүзүүдө колдонулат;
- Квадрокоптер – 1 комплект. Абадан байкоо жүргүзүү жана аймакты мониторингдөө үчүн пайдаланылат;
- Starlink Mini – 2 комплект. Өзгөчө кырдаал болгон аймактарда үзгүлтүксүз спутниктик байланышты камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
Жаңы техникалар ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого өбөлгө түзөт. Ошондой эле куткаруучулардын өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүүсүнө, издөө-куткаруу иштерин өз убагында жана натыйжалуу жүргүзүүсүнө шарт түзөт.
ӨКМ ПРЕСС-БОРБОРУ