Жаңылыктар
19.08.2024 08:46
Кароолор: 236
ЫСЫК-КӨЛ: ОБЛУСТУК ЖАРАНДЫК КОРГОНУУНУН ШТАБДЫК ЖЫЙЫНЫ ӨТТҮ
Бүгүн, 19-август күнү саат 07:00дө КР Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү – Жарандык коргонуу кызматынын башчысы Уланбек Далиев жетектеп ӨКМдин облустагы башкармалыгынын башчысы, полковник М.Карабаев жана Жарандык коргонуунун жетекчилиги Ысык-Көл районундагы абал менен таанышып жыйын өткөрдү.
Анда селден жабыркаган аймактарда кесепеттерин жоюу үчүн ыкчам аракеттерди көрүү жана кечиктирилгис иш-чараларын уюштуруу маселелери каралды.
Сел сууларынан жабыркаган Садыр-Аке айыл өкмөтүнүн Темиров, Корумду, Булан-Сөгөттү айылдарына облустук Жарандык коргонуу тутумунун күч-каражаттарын жетиштүү деңгээлде тартуу жана башка район шаарларында абалды көзөмөлдөө боюнча тапшырмалар берилди.
ӨКМдин атайы каражаттары жана куткаруучуларынын күчү Темировка айылына жана зарыл болгон жерлерге тартылып, учурда селдин кесепеттерин тазалоо иштери жүрүүдө.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР